3-ноябрдагы аба ырайы

  • 8 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 3-ноябрда, күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус.

4-5-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-ноябрь күнү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты