3-марттагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 3-мартта, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…9, күндүз -0…+5.

Бишкек шаарында күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты