3-майда: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы, билдиргендей, бүгүн, 3-майда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Бишкекте өткүн өтүшү, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+24.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




