3-июнда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт  

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 3-июнда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +26…+28 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты