3-июнь: Аба ырайы: Айрым жерлерде 34 градуска чейин ысыйт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 3-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан шаашы күтүлөт, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан жаашы күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз+ 27…+32;
Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+33;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+33
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…31 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»