3-июлда: Күндүн ысыгы айрым жерлерде 39 градуска чейин жетет
- 1 год мурун
3-5-июль күндөрү күндүн катуу ысышы күтүлөт. Абанын температурасы жогорулап, күндүз Чүй өрөөнүндө 35…40 градуска, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, ал эми Талас облусунда 33…38 грдус жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 3-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан жаабайт. Батыштан сокккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +33…38;
Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +32…37;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…24, күндүз +34…39;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…24, +күндүз 33…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…11, күндүз +25…30;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +20…22°, күндүзгү жогорку температурасы +36…38° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




