3-августта: Айрым жерлерде 39 градуска чейин ысык күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 3-августта, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү жерлеринде, Талас, Баткен облустарында күн жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.   

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +26…+31;

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, түнкүсүн +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39;

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн +16…18, күндүз +29…+31.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты