29-январь: Айрым тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-январда, түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-2, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -2…-7.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…2° болот.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү