29-октябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 7 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 29-октябрда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +12…+14 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




