29-марттагы аба ырайы
- 3 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 29-мартта, күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорунда кар жаайт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндуз 19…24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 22…24° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




