29-июнда: Айрым жерлерде ысык 40 градуска чейин жетет

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн,  29-июнда, күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40;

Талас облусунда:түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда: түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетип, күндүз 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37 ысыйт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты