29-июлда: Айрым жерлерде 36 градуска чейин ысык күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөдө аптанын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бүгүн, 29-июлда, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +26…+28 градус күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан




