29-августта: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык болот
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 29-августта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагында өткүн өтүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




