29-августта: Айрым аймактарда 38 градуска чейин ысык күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 29-августта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +34…+36 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek gov.kg
Муну бөлүшүү




