29-апрелде: Айрым аймактарда жаан жаайт

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 29-апрелде, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты