28-январдагы аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт    

  • 7 месяцев мурун

28-январда күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндуз +1…+6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндуз +2…+7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 0…+5

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз +6…+8° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты