28-сентябрдагы аба ырайы
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 28-сентябрда күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;
Талас облусунда түнкүсүн+ 5…+10, күндүз +17…+22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




