28-майдагы аба ырайы

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 28-майда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаанчачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күңдүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +25…+27° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты