28-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөйт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 28-майда, түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаайт, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй, Баткен облустарында жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз+ 16…+21;
Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;
Бишкек шаарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…23 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




