28-июнда: Айрым жерлерде 40 градуска чейин ысык күтүлөт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 28-июнда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда,Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




