28-июлда: Көпчүлүк жерлерде өткүн өтөт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 28-июлда, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу жактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунун, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдышы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:    

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24; күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19; күндүз +29…+34;

Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25; күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25; күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +16…+21; күндүз +29…+34;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15; күндүз +26…+31;

Бишкек шаарында түнкүсүн +22…+24; күндүз +34…+36 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника» /Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты