28-февраль: Кар жана жаан жаашы күтүлөт, туман түшөт
- 2 года мурун
28-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн билдирген. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;
Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




