28-декабрда: Айрым жерлерде кар жаайт

  • 6 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 28-декабрда, күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жана жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.     

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6 күндүз +4…+9;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+3, күндүз +6…+11;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз +2…+4;

Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +10…+12 градус жылуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты