27-ноябрдагы аба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 8 часов мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 27-ноябрда, күндөз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаайт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынына айрым жерлеринде жамгыр жаашы ыктымал, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Жалал-Абад облустарында жаан катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20-метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;
Баткен облусунда +3…+8, күндүз +8…+13;
Ош, Жалал-Абадоблустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




