27-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
- 1 год мурун
Бишкек шаарында 27-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин айрым турак жай, мектеп, балдар бакчасы, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы Панфилов көчөсү, Манас проспекти, Фрунзе көчөсү, — темир жол менен чектешет.
Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




