27-мартта: Айрым жерлерде 27 градуска чейин жылуу болот
- 3 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-мартта, түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +24…+26.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




