27-март: Аба ырайы   

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 27-мартта, түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк  аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.Чүй жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаашы күтүлбөйт.  Түнкүсүн жана эртең менен туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, (0…-2, күндүз 7…12;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, (0…-2) күндүз 3…8;

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 7…12.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 1…+3°, күндүзгү температура 9…12° болот.

27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

27-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка–Акташ автоунаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты