27-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-майда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты