27-май: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт  

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-майда, түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунда катуу жаашы ыктымал, Талас облусунда жаан жаабайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынынын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, Баткен облусунда күн катуу жаашы ыктымал, Талас облусунда жаан жаабайт.  

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз+ 19…+24;

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…24 градус ысык болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты