27-июнда: Айрым аймактарда 38 градуска чейин ысык болот
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-июнда, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




