27-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 27-февралда, күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1° …+1°, күндүз +4…+6° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты