27-февраль: Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар, жаан жаашы күтүлөт
- 2 года мурун
Кыргызгидромет 27-28-февралда аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн билдирген. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
27-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун өрөөндөрүндө, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.
Тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…6;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




