27-августта: 38 градуска чейин ысык күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча бүгүн, 27-августта, Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




