27-апрелде: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 27-апрелде, күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +22…+24 болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




