26-сентябрдагы аба ырайы
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 26-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткендин айрым жерлеринде өткүн өтүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25.
Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак
Муну бөлүшүү




