26-майда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча бүгүн,  26-майда, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15°, күндүз +23…+28°;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13°, күндүз +23…+28°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +24…+29°;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +18…+23°;

Нарын облусунда: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +18…+23°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +25…+27° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты