26-май: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 26-майда, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт,  Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл , Нарын облустарында катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9-метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз+ 16…+21;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +21…23 градус ысык болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты