№26 Ленин шайлоо округу: Арыз бергендердин саны төрткө жетти

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө 14-июлда Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

№26 Ленин шайлоо округу: Арыз бергендердин саны төрткө жетти
Эркин Булекбаев Сүрөт: БШК
№26 Ленин шайлоо округу: Арыз бергендердин саны төрткө жетти
Ремнёв Роман Сүрөт: БШК

Аталган бир мандаттуу окруктан ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин саны төрткө жетти. Буга чейин, 13-июлда Эртай Исаков жана Аскар Алмаз уулунан арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты