№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Үгүт иштери жүрүп жатат
- 2 года мурун
Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майдан башталды, ал 27-майда саат 8:00дө аяктайт.
Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:
• Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
• Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
• басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
• Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;
Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар 22-майдан 25-майга чейин УТРКда өтөт.
Талапкерлердин катышуусундагы дебаттардын графигин ылдыйдагы шилтеме аркылуу табасыз: https://shailoo.gov.kg/ru/news/6674/
— Шайлоо тилкелериндеги шайлоочулардын актуалдуу тизмеси менен таанышууга мүмкүндүк берген «Тизме» мамлекеттик порталы https://tizme.gov.kg/;
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майы, жекшемби күнү өтөт.
Шайлоого 32 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде: https://shailoo.gov.kg/ru/news/6669/
— «Шайлоо тилкелери жана аймактары» геомаалыматтык системасы
https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map;
— автоматташтырылган башкаруу тутумдарына жана кол менен эсептөөгө ылайык шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу үчүн иштелип чыккан Кыргы Республикасынын маалыматтык тандоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home;
— шайлоолор жана референдумдар боюнча статистикалык маалыматтарды камтыган «КР БШКнын ачык маалыматтары» веб-ресурсу https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/;
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында, жекшемби күнү өтөт.
Шайлоого 32 талапкер катталды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.