№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Дагы үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

  • 1 год мурун

Үч талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөнкү талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартты:

  • Арзыкулов Марат Замирбекович;
  • Мокейчук Роман Александрович;
  • Осмонов Алманбек Эрмаматович.

27-апрелде саат 24:00дө Бишкек шаарынын №26 Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты