26-июлда: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык болот
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 26-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23; күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +15…+17; күндүз +33…+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +23…+25; күндүз +36…+38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +23…+25; күндүз +37…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +20…+25; күндүз +32…+38;
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+14; күндүз +28…+30;
Бишкек шаарында түнкүсүн +21…+23; күндүз +36…+38 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан




