26-февралда: Айрым аймактарда жаан жаайт
- 3 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 26-февралда, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +5…+10
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2
Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз +5…+7 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




