26-декабрдагы аба ырайы

  • 5 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 26-декабрда, күндүз тоолуу аймактарда жаан, кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Айрым райондордо туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус жылуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты