25-январь: Тоолуу райондорго кар жаайт, айрым жерлерге туман түшөт  

  • 5 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 25-январда, күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -8…-13…күндүз -1+4;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…+2.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты