25-сентябрь: Тоолуу райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт  

  • 9 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар  министрлигине  (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бүгүн, 25-сентябрда, күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн +4…9, күндүз +22…27;

Талас облусунда түнкүсүн +3…8, күндүз +21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз +23…28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…14, күндүз +24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…6, күндүз+ 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…6, күндүз +18…23.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты