25-мартта: Жаан жаабайт, айрым жерлерде 24 градуска чейин жылуу болот   

  • 7 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 25-мартта, күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге чейин жетет. Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Талас облусунда түнкүсун 0…+5, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12 градус;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +20…+22° жылуу болот.

Иллюстраациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты