25-июнь: Күндүн ысыгы айрым жерлерде 39 градуска чейин жетет
- 12 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 25-июнда, түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +33…38;
Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +31…36;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…25, күндүз +34…39;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…25, +күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…18, күндүз +23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз +27…32;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 36…38° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан




