25-февралда: Айрым жерлерде жаан жаашы күтүлүүдө
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 25-февралда, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Бишкек шаарында күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




