25-декабрда: Жаан, кар жаашы күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 25-декабрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшөт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус жылуу.
Иллюсрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




