25-апрелдеги аба ырайынын божомолу
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 25-апрелде, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Бишкекте жаан жаашы күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° болот.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү